
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп, Кумтөрдү мамлекетке өткөрүүнүн тарыхын эстеди.
«Эсимде, “Кумтөр” кенине мындан туура 21 жыл мурун, 2002-жылы алгач ирет барган элем. Ошондо Кыргызстандын ири кениндеги иштин жайын байкап, каңырыгым түтөп, жүрөгүм сыздады эле.
Ошол күн, ошол убакыттан тарта “Кумтөр” үчүн, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы үчүн улуу күрөшүм башталган. Ошондон тартып, башкы мүдөөм, максатым — элдин байлыгын элге кайтарып берүү болуп, оомал-төкмөл саясатка башымды сайып, кандай оор, кандай кыйын күндөр өтсө дагы, андан баш тартпай, көп жылдык өмүрүм өттү десем болот.
2005-жылы биринчи жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенимде көтөргөн алгачкы маселем дагы “Кумтөр” көйгөйү болгон. 2010-жылдан кийинки депутаттык ишмердүүлүгүмдө да “Кумтөр” боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы катары кенди мамлекеттин ээлигине алууга катуу аракет кылдык. Ошол учурда өлкө тагдырын, өлкө экономикасын жаңы нукка бурууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлгөн эле.
Тилекке каршы, ошол кездеги бийлик өлкө келечегине эмес, жеке келечегине кам көрүп, алтын мафиясынын сөзүн сүйлөп туруп алды. “Кумтөр”, жок дегенде, ошол 2012-жылы эле мамлекетке өтүп калганда, экономикалык абалыбыз азыр алда канча жакшырып, бакубатчылыгыбыз мындан да кыйла артып калмак»,— деди ал.