![](https://bia.kg/wp-content/uploads/2023/11/img_3701.730x0-1.jpeg)
Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жарандарга берүү максатында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүшүнө пландан тышкары текшерүүгө барды . Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын маалыматына караганда, мамлекет башчысына көп кабаттуу үйлөрдүн он бири толук бүткөрүлүп, келерки жылдын сентябрында колдонууга тапшырыла турганы маалымдалды.
«Он бир көп кабаттуу үйдүн ар бири 18 кабаттуу, анда жалпы 986 батир бар.
Курулуш жүрүп жаткан аймакта 39 көп кабаттуу үй курулат жана мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жеңилдетилген шартта жарандарга берилет», — деди ал.
Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгиледи.