
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда 4 миңге жакын мечиттин молдолоруна март айынан баштап 8 миң сомдон, жылдын аягына барып 20 миң сомго чейин айлык төлөнө турганын айткан. Ал кайсы каражаттардан төлөнөрүн «Кабар» агенттигине жооп берип жатып айтты.
«Бул каражаттар бюджеттик каражаттар эмес. Мурда муфтият тараптан көңүл бурулбаган каражат булактарын мечиттер тарапка, тагыраагы молодолорго буруп берүү жагына жардам берип жатабыз. Биз светтик өлкө катары динге кийлигишпейбиз. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен акча каражатын бөлүп бере албайбыз. Бирок биз, мамлекет, колубуздан келишинче башка маселелерде муфтиятка жардам берүүгө даярбыз. Мисалы, келе жаткан жылы ар бир мечитке электрондук жашик орнотуп беребиз. Мурдагыдай садака салчу жыгач, темир жашиктер жок болот. Садаканы электрондук QR-код аркылуу телефон менен эле салып койсо болот. Акча түздөн-түз муфтияттын банктык эсебине келип түшөт. Ал акчалар кайда жумшаларын муфтият менен Аалымдар кеңеши өздөрү чечет», — деди.
Ошондой эле президент Муфтият башка динге же башка агымга кирип кеткендерди тарбиялап, ханафий мазхабына кайтаруу жагын молдолорго жүктөсө болорун белгилеген.
«Чачыранды болуп жүргөн дин тармагы тартипке келет. 15-20 агымга, кандайдыр бир башкача дин эрежелерине бөлүнүп жүрөбүз. Бул өтө уят жана опурталдуу нерсе», — деди Садыр Жапаров.