Президент Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо үчүн Сауд Арабияга барат

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Сауд Аравия Падышалыгына иш сапары менен барат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Сапардын алкагында мамлекет башчысы Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам Саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо пландаштырылууда», — деди Муратбек Азымбакиев.

11 Ноябрь 2023 жыл 8:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча