Президент Сузактагы жүк ташуучу унаа тебелеп кетип, жабыркаган балдардан кабар алды

Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда массалык иш-чара учурунда жүк ташуучу унаа тебелеп кетип, жабыркаган балдардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы билдирди.

Эске салсак, аталган окуяда жабыркаган балдардын абалы оор деп эсептелген оноо 3-майда, атайын борт менен Бишкекке жеткирилген.

Мамлекет башчысы дарыгерлер, балдардын ата-энелери жана коштоп келген туугандары менен баарлашты. Балдардын саламаттыгына кам көрүүгө эң мыкты дарыгерлерди тартууну, зарыл дары-дармектер менен толук камсыздоону тапшырды.

Садыр Жапаров балдардын ата-энелери менен сүйлөшүүдө болгон окуяны терең өкүнүү менен белгилеп, массалык иш-чарадагы коопсуздук чараларына кайдыгер мамиле кылгандарга комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн белгиледи.

4 Май 2024 жыл 15:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча