Президент өзүнө учак албай, миң автобус алууну чечти

Бишкеткеги транспорт көйгөйүн чечүү үчүн №1 бортту сатып алууга каралган каражатка миң автобус сатып алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясында билдирди.

«Өкмөттүн учагы жок, ал эми быйыл Ту-154М учагынын пайдалануу мөөнөтү бүтүп жатат. Чет өлкөлөргө иш сапарларга чыгуу үчүн биз 100 млн доллар тапканбыз, бирок борбор калаадагы транспорт көйгөйүн чечели деп ал каражатка 1000 автобус алдык», — деди ал.

Ошондой эле Жапаров бул маселеге мындан ары дагы өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

19 Февраль 2024 жыл 8:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча