Ысык-Көлдө асман шаарынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ислам Өнүктүрүү Банкынын башчысы Мухаммед Аль-Жассер менен жолугушууда билдирди.
Садыр Жапаровдун айтымында, иш өткөн аптада башталган, бирок буга чейин 25-майда президент курулуш 10 күндөн кийин башталаарын билдирген.
«Бир жума мурда Ысык-Көлдө асман шаарынын курулушун баштадык. Башында биз аны шаар катары курууну пландаганбыз, бирок кийин көлгө зыян келтирбөө үчүн чет элдик өнөктөштөрдөн жашыл шаар куруу сунушу түшкөн. Жыл ичинде долбоор кайрадан иштелип чыкмак. Бир жума мурун жумуш башталды. Бул шаарда электромобилдер жана электр автобустары гана жүрөт. Шаар күн, шамал жана гидроэнергетика менен жабдылат. Бул атмосферага зыяндуу заттарды чыгарбай турган шаар болот», — деди президент.