Президент Жалал-Абад шаарындагы жаңы IT-борборду ачты

Президент Садыр Жапаров 12-апрелде Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында жаңы IT-борборду ачты.

Борбор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн жана өлкөнүн IT-тармагын өнүктүрүүдө, аны жаңы деңгээлге көтөрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. 2023-жылдын май айында башталган үч кабаттуу инновациялык IT-борборунун курулушу учурда 100% аяктаган. Долбоордун жалпы баасы 65 миллион 363 миң сомду түздү. Долбоор IT-RUN компаниясы тарабынан мамлекеттин жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылды. Мамлекет Жалал-Абад шаарынын мэриясынын атынан жер берип, имаратты курган. IT-борбор өз кезегинде кадрларды жана окутууну камсыздаган. Борбор балдарга да, чоңдорго да программалоону үйрөтөт. Жыл сайын IT-мектепте 10 орун шаардык мэриянын комиссиясы тарабынан тандалып алынган 7 жаштан жогоркуларга бекер берилет.

13 Апрель 2024 жыл 9:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча