
Кече, 8-ноябрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) барды. Мамлекет башчынын борту Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду.
Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитинин ишине катышат.