Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын колун сураган Афтандил Сабырбековдун апасы Гүлзат Сыдыков өлкө башчы Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. Ал кайрылуусунда балдарына жалаа жабылганын жана сот ишти адилеттүү карашын суранды.
«Балдарым Афтандил менен Тариелди 2024-жылдын 4-июлунда кармашып, жалаа менен камап салышкан. Сизден бир гана нерсени суранам – сот адилеттүү болуп, туура чечим чыгарсын. Сураныч, жардам бериңиз, бул маселени көзөмөлгө алыңыз. Жаштардын жашоосун бузбагыла! Балдарым эч нерсеге күнөөлүү эмес»— деди Сыдыкова.
Белгилей кетсек, Сабырбековдорго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлган.
Ал эми Афтандил Сабырбековдун баңгизат ишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматтар 9-июлда тараган.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул сөздөрдү 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирген.
Лаззат Нургожоева президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы. Ал 2020-жылы Кыргызстанда сулуулар сынагында биринчи орунду жеңип алган.