Бүгүн, 8-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Мурас» достук мелдеши өтүп жатат. Алгач эле президенттик администрация менен журналисттердин командасы оюн көрсөттү.
1-таймда президенттик администрациянын эсеп сандарын Садыр Жапаров ачып берди. Экинчи голду да биринчи таймда өлкө башчы жаратты. 1-тайм 2:0 эсебинде президенттик администрациянын алдыга чыгуусу мене аяктады.
Ал эми 2-таймда президенттик администрация дагы бир гол жаратты. Андан кийин президент Садыр Жапаров хет-трик жаратты, тактап айтканда өзүнүн 3-голун жаратып, командага 4-упайды алып келди.
Журналисттердин командасы оюн аяктап калганда алгачкы голун жаратышты. Ошентип оюн 4:1 эсебинде президенттик администрациянын жеңиши менен аяктады.