Примов: «Туунун сүрөтү түшүрүлгөн бардык документтерди, иш-кагаздарды тез арада өзгөртүүнүн кажети жок…»

Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогоорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында тууну өзгөртүү каралып жатат. Демилгечилердин бири — Улан Примов туунун кээ бир элементтерине өзгөртүү киргизилгенден кийин өзгөргөн тууну пайдаланууга кеткен каражат боюнча кеп кылды.

«Туунун сүрөтү түшүрүлгөн бардык документтерди, иш-кагаздарды тез арада өзгөртүүнүн кажети жок. Алар өзүнүн мөөнөтү актаганга чейин толук кандуу иштейт. Ошондой эле убагы келгенде баскыч менен өзгөртүлөт»,- деди депутат.

28 Ноябрь 2023 жыл 12:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча