Психоневрологиялык мекемедеги аялдардын аянычтуу абалы (видео)

25-октябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Жайылдагы аялдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, ал жердегилерге карата одоно мыйзам бузууларды аныкташкан.

Маалыматка караганда, №1 корпуста 72 адам көзөмөлдө болсо, аларга 64 эле керебет даярдалган. «Эки аял жерде жатууга аргасыз, дагы алтоо эмереги, шарты жок, бош бөлмөгө киргизилген. Ажаткана жок, анын ордуна чакалар коюлган»,— деп айтылат маалыматта.

Кызматкерлердин айтымында, бул бөлмө психикалык жактан артта калган адамдарды убактылуу жайгаштыруу үчүн «изолятор» катары колдонулган.

«Бөлмөдөгү температуранын төмөндүгүнө карабастан, аялдар кийим-кече жана бут кийимсиз жатышкан. Бул алардын абалын ого бетер курчуткан», — деп белгилейт басма сөз кызматы.

Документтер тиешелүү чара көрүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

30 Октябрь 2024 жыл 11:09

Тема боюнча