РФ Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус лидери Владимир Путин Кыргызстанга келерин, ал жакта Белорусиянын Президенти Александр Лукашенко менен да эки тараптуу жолугушуу өтөрүн ырастаганын РИА НОВОСТИ жазды.
Буга чейин Беларус президенти Александр Лукашенко дүйшөмбү күнү Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. 15-октябрда ал Кыргызстанда Путин менен жолугууну пландап жатат.
«Чынында эле президенттин мындай сапары пландалып, ал жакта жолугушуу пландалып жатканын тастыктай алабыз», — деди Песков.
Анын айтымында, эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсү да болгон.
«Путин жана Лукашенко телефондо көп сүйлөшөт. Бул тууралуу биз ар дайым эле билдире бербейбиз»,-деп кошумчалайт Песков.