Путин президенттик шайлоодогу атаандаштарын биргелешип иштөөгө чакырды

Владимир Путин президенттик шайлоодогу атаандаштары менен жолугуп жатканда айтылган идеяларды алдыга жылдыруу боюнча биргелешип иш алып баруу зарылдыгын айтты.

Путинге Мамлекеттик Думанын депутаттары Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Леонид Слуцкий атаандаш болгон.

Ал үч талапкер көп эл менен жолуккандыгын жана калктын бийликтен эмнелерди күтүп жатканын алардын билерин белгиледи.

«Биз өлкөнүн парламентинде активдүү ишти улантышыбыз керек, айтылган идеяларды алдыга жылдыруу боюнча биргелешип иш алып баруу зарыл, аларды ишке ашыруу өлкө алдында турган көйгөйлөрдү чечүүгө жакындообузга мүмкүндүк берет. Сиздер көп эл менен жолуктуңуздар, алар бийликтен эмне күтүп жаткандарын айтышты да… Алдыга койгон максаттарыбызга жетүү маанилүү”, — деген Россия президенти.

19 Март 2024 жыл 8:55

Тема боюнча