
Бүгүнкү күндө республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарга толуп кетти. Стационардык түрдө 606 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, оорукана 500 орунга ылайыкташкан.
«Бишкектеги биздин оорукана гана Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы болуп саналат. Бүгүнкү күндө бизде 606 бейтап дарыланып жатат. Бир суткада 317 адам кайрылган, алардын 123ү ооруканага жаткырылган, анын ичинде 114 бала жана 9 чоң киши бар. Калган бейтаптар амбулатордук дарыланууга жиберилген», — деди ал.
Ооруканада кошумча керебеттер жайгаштырылат.
«Биз бейтаптарды коридорлорго жаткырууга мажбурбуз, бирок эч кимге баш тартпайбыз — баарын кабыл алабыз», — деп кошумчалады Молдалиева.
Көпчүлүк бейтаптар КРВИ, андан кийин кызамык, кийин башка жугуштуу оорулар менен оорушат. Оорукананын администрациясы курч вирустук инфекциялардын көбөйүп жаткандыгын билдирди.
Эки күндүн ичинде кабыл алуу бөлүмүнө 561 бейтап кайрылган, анын ичинде КРВИ — 202 менен 219 бейтап стационарга жаткырылган.
«Оорулуулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу дарыгерлер катуу режимде иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө стационар толуп, бул жерде 606 оорулуу (РКИБ 500 койкага эсептелген), бөлүмдөрдө 40тан 50гө чейин бейтап жатат, алардын ичинен 230 КРВИ менен, негизинен балдар. Оор абалы боюнча реанимацияда 14 бейтап бар, алардын бардыгы балдар. Көрсөтмөлөр боюнча биз баарын ооруканага жаткырабыз, баш тартуу жок. Дарылоо жана текшерүү оорукананын эсебинен жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери КРВИнин алгачкы белгилери байкалаар замат үй-бүлөлүк дарыгерлерине кайрылууну өтүнүшөт. Ошондой эле, дарыгерлер эл көп чогулган жерлерге, жабык балдар аянтчаларына барбоону сунушташат. Стационарга ҮМБ дарыгеринин жолдомосу менен гана кайрылуу керек.
КРВИ алдын алуу үчүн айрыкча оорунун алгачкы 3 күнүндө оорулуулар менен байланышты чектөө керек. Оору күч алган кезде массалык иш-чараларга катышуудан качуу, коомдук транспортто бет кап кийип жүрүү сунушталат.
Жеке гигиенаны так сактоо (вирус калган нерселер менен байланышкандан кийин колду дайыма жууп туруу).
Өзүнө кам көрүү менен организмдин коргонуу күчүн сактап калуу:
жакшы тамактануу, жашылча-жемиштерди, витаминдерди жетиштүү колдонуу;
сыртта сейилдөө, спорт менен машыгуу; тынч уйку;
сарымсак менен пиязды жеш (бул азыктар табигый иммуностимуляторлор, бактерициддик жана вируска каршы);
тамекини таштоо (тамеки тартуу организмдин коргоочу касиетин төмөндөтөт, дем алуу жолдорунун инфекцияларына туруштук берет);
мурунду туздуу суу менен жуу; мурунга оксолин майын тынбай колдонуу (эки саат сайын).