Роналду кайрадан Гиннес китебине кирди

Криштиану Роналду дүйнөлүк футболдогу дагы бир рекорддук жетишкендиктин автору болду.

Тагыраак айтканда, Улуттар лигасынын чейрек финалынын жооптук беттешинде Роналду Данияга бир гол киргизди. Муну менен ал 22 жыл катары менен улуттук курама команда үчүн гол киргизген тарыхта биринчи футболчу болуп калды.

Белгилүү болгондой, Криштиану Роналду Португалия курамасында 2003-жылдан бери ойноп келет.

Беттеш 5:2 эсебинде Португалиянын жеңиши менен аяктап, Португалия Улуттар Лигасынын жарым финалына өчыкты. Ал жактан Германия менен кез келет.

Эске салсак, 2024-жылдын 15-ноябрында өткөн УЕФА Улуттар лигасында Португалия Польшаны 5:1 эсеби менен жеңип, Роналду Португалия курамасы менен 132-жеңишине жеткендиги үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген.

26 Март 2025 жыл 6:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча