Рысбеков үч жылда абактарда 151 киши каза болгонун айтты

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында 2020-2022-жылдар аралыгында Кыргызстанда жабык жайларда 151 киши каза болгонун айтты.

Ал Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин №31 түзөтүү мекемесиндеги өлүмү жана абактардагы абал тууралуу талкууда коомго белгилүү адамдардын окуясы гана талкууга түшүп, карапайым кишилердин өлүмү көз жаздымда эле калып жатканын айтты.

“Былтыр беш суицид болду. Азыр ошол беш окуя боюнча териштирүү болдубу деген суроо турат. Же атагы чыккан адамдардын окуясына байланыштуу эле комиссия түзүлөбү? Ошол эле №31 түзөтүү мекемесинде ушул жылдын башында эле кургак учуктан бир киши каза болду. Былтыр 31-декабрда сокур ичегиден дагы бир киши өлүп атат. 21-кылымда сокур ичегиден өлөт деген болбой турган нерсе”, — деди ал.

Бакыт Рысбеков дарты оор адамдар абакта жаза өтөөдөн бошотулат деген өкмөттүн токтому бар экенин, бул токтом былтыр бир эле жолу иштеп, төртүнчү баскычтагы рак менен ооруган аял эркиндикке чыкканын кошумчалады.

11 Январь 2024 жыл 15:51

Тема боюнча