Ысык-Көлдө адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
19-февраль күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Көл райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Билдирүүдө 19-февраль күнү саат 23:50 чамасында азият улутундагы, жашы болжол менен 25-30 жаштагы белгисиз жаранды дене жаракаты менен ооруканага белгисиз адамдар алып келип таштап кеткени жана ал каза болуп калганы айтылган.
Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында маркумдун Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары Чолпон-Ата шаарынын 1993 жана Жети-Өгүз районунун 1993-жылы туулган тургундары аныкталган. Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала суракта шектүүлөр өз күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, маркум менен мурдагы таарынычтары бар экени жана сөгүнүп койгондугу үчүн аны ур-токмокко алгандыгын билдиришкен.
Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен шектүүлөр 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.