Сүлүктү шаарындагы “Нур” шахтасында газ чыккан

Кечээ, 17-декабрь күнү саат 14:38 чамасында Сүлүктү шаарындагы “Нур” шахтасында газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Аталган дарекке мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун өздүк курамынан 7 куркаруучу чыгып, саат 15:11де аталган взводдон кошумча дагы 11 куркаруучу барган.

Сүлүктү шаары боюнча ӨКБнын башчысы баштаган ыкчам топ да жеринде болуп, взвод куткаруучулары тарабынан 8 кен казуучу аман-эсен куткарылды.

Андан соң куткаруучулар аталган шахтада газдан тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.

18 Декабрь 2024 жыл 9:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча