Садыр Жапаров Москвада ТИМ орун басары тосуп алды

Президент Садыр Жапаров Москвага иш сапар менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Өлкө башчыны «Внуково-2» эл аралык аэропортунан РФ ТИМ жетекчисинин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Анда шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө, бекемдөөгө багытталган чечимдер кабыл алынмакчы.

8 Октябрь 2024 жыл 9:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча