Сахнадагы трагедия . Концерт учурунда мобилограф каза болду

Казакстандын “Ирина Кайратовна” тобунун мобилографы сахнада көз жумду. Orda-Telegram каналынын маалыматына караганда, каргаша кечээ, 14-октябрда кечинде Астанада концерт башталаар алдында болгон.

Маалым болгондой, 21 жаштагы мобилограф сахнадан кулап кетип, каза болгон. Иш-чара токтотулган.

“Биз үчүн айтуу абдан кыйын болуп жатат. Мобилограф сахнада кулап түштү. Көрсөңөр керек, ал каза болду. Ошондуктан, тилекке каршы, бүгүн концерт коё албайбыз. Келгениңизге чоң рахмат”, — деди “Ирина Кайратовна” тобунун мүчөсү Азамат Маркленов.

15 Октябрь 2023 жыл 15:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча