
Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун камактагы мөөнөтү узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, ал 20-мартка чейин камакта калды.
Эске салсак, Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычев 2024-жылы декабрда камакка алынган.