
“Азаттыктын” Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча маселе жаралганын, анын тарапташтары делген бир нече адам күч органдарына суракка чакыртылганын жазды.
Бул иштин 2022-жылдагы кайра шайлоого тиешеси бар болушу мүмкүн. Атазов суракка баргандардын ага тиешеси жок экенин айтууда. Бул окуя УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өлкөдө Көлбаев-Матраимовго жакын адамдар мамлекеттик кызматтан тазаланары тууралуу билдирүүсүнө туш келди.
Бишкектин Свердлов округунан депутат болгон Атазов Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун жакын адамы катары белгилүү.
«Азаттык” Шайлообек Атазовго байланыштуу маалыматты такташ үчүн алгач Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына, андан кийин Ички иштер министрлигине кайрылды.
ИИМдин басма сөз кызматы Атазовго тиешелүү делген иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте экенин, башка маалымат бере албай турганын билдирди. Ал эми УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.
Депутат Шайлообек Атазов атайын кызмат кармап, андан кийин суракка алган адамдар менен шайлоодо иштешпегенин айтууда.
“Кайсыл шайлоо экенин да айтышкан жок. “Атазовдун балдары” деп экөөнү кармашыптыр. Тактасам мыйзам боюнча бизге тиешеси жок экен. Бирок мага көрсөтмө бер деп бирөөнү кармап жүрүшүптүр. Алар жолдо көрүшкөндө учурашып жүргөн балдар. Бизде мыйзамды үгүтчү катары каттоодон өтпөгөн, иштеген балдарды эмес, жүгүрүп жүргөн балдарды кармашкан окшойт. Шайлоо бүткөндөн кийин 2 миң сомду бири-бирине берди деп бир нерсени мойнуна илип атыптыр. Алар “андай болгон эмес” деген көрсөтмө берип чыгышыптыр. Биз менен иштешпегенин да айтышыптыр. Азырынча мени суракка чакырышкан жок”.
Шайлообек Атазов 2022-жылы Бишкектин Сведрлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.
Бирок баштапкы эсеп боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добушка ээ болгон. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, буга добуш сатып алуу фактысы негиз болгонун билдирген.
Андагы шайлоодо алдыга келген үч талапкер – Шайлообек Атазов, Абдурахманхажи Муртазалиев жана Аскар Алмаз уулу бири-бирин добуш сатып алууга айыптаган.