
Депутаттык мандат үчүн сотто күрөшүп жаткан Шайлообек Атазов социалдык тармактагы баракчасына мандат маселеси боюнча маалымат берди.
«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бир ай мурун Бишкек административдик соттун судьясы Досалиев тарабынан мага берилген элдин ишенимин мыйзамсыз жокко чыгарып Муртазалиевге мандат берүү боюнча адилетсиз чечим кабыл алынган. Бирок мындан эки жыл мурда Свердлов районунда болгон шайлоонун жыйынтыгында Муртазалиевди шайлоочуларды сатып алуу фактысы менен кармалганын ИИМдин атайын бөлүмү изилдеп, далилдеп, андан соң бул боюнча Жогорку соттун чечими чыккан.
Ошондой эле, БШКнын акыркы мыйзамдуу чечимдери бар. Ал эми судья 3 органдын мындай чечимдерин баарын көзгө илбей аттап өтүп өз билемдик менен мыйзамды одоно бузду! Мамлекеттик түзүлүшкө сокку урду. Сот системасын уят кылды! Соттун бул аракетинин артында ким турат жана кандай саясий, финансылык кызыкчылыктар болуп жатканын эл арасында кептер кеңири жайылып айтылып жатат.
Судьянын бул кадамы сот системасын бетине көө сүйкөп, өлкөдө болуп жаткан сот реформасына доо кетирди. Мындай сотко Жогорку Соттун төрагасы тарабынан укуктук баа берилүүгө тийиш деп эсептейм жана мыйзам боюнча шаардык сотко кайрылдым.
Урматтуу мекендештер! 3-апрель күнү саат 9:00 шаардык сотто арыз каралат. Сот ачык өтүп эл чындыкты билиши керек! Кыргызстандын депутатынын укуктарын чектөө атайын конституциялык мыйзам менен бекитилген. Ал беренелер боюнча менде бир да мыйзамсыз ишим жок. Эч кандай кылмышым да жок. Мыйзам боюнча административдик соттун судьясы биздин конституциялык укуктарды чектей албайт. Демек, эртеңки Бишкек шаардык сотунда чындык жана мыйзам гана үстөмдүк кылат — деп ишенем.
Парламент — бул элдин үнү. Биздин мамлекетте чындыкты сүйлөгөн эл өкүлдөрүн башкы прокуратуранын кысымы же кайсы бир чиновниктин заказы, телефон чалуулары менен эле мандатын алып коё берсе адилетсиздик болот. Мындай тенденция өлкөбүзгө эл аралык аброй алып келбейт. Мыйзам иштеген өлкөдө гана адилеттик орнойт. Демек, элибизде эркиндик, мамлекетте мыйзамдуулук болсун»,- деп жазды ал.