Шайырбек Ташиев «Даңк» медалы менен сыйланды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев «Даңк» медалы менен сыйланды. Наамды бүгүн президент Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияда ыйгарды.

«Даңк» медалын Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов жана Ысык-Көл облусунун жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров дагы алды.

Парламенттин депутаты Таалайбек Масабировго «Данакер» ордени ыйгарылды.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев III даражадагы «Манас» орденин алды.

28 Декабрь 2023 жыл 13:26

Тема боюнча