2024-жылдын 20-июнунда президент Садыр Жапаровдун Кадамжай районунун Майдан айылында Шамбесай алтын кенин иштетүү боюнча жергиликтүү эл менен жолугушуусунда, Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Ай-Тамга айылынын жашоочусу Асанова Зебиниса Балтабаевна, Абшыр-Ата эс алуу аймагынын (Ноокат району) үстүндө алтын кени бар экенин, аны мыйзамсыз иштетүү КР Жогорку Кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиевдин жетекчилиги астында башталганын айтып, бул маселе боюнча чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Бул факты боюнча өлкө президентинин тапшырмасы боюнча УКМК органдары тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында төмөндөгүлөр аныкталды.
Учурда Ноокат районунун аймагында көмүр, чопо, сланец таштары, гипс жана башка пайдалуу кендер иштетилип жатат. Облус аймагында Араван району менен чектеш Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан, Абшыр-Ата аймагынан алыс жайгашкан Турук кенинен башка (иштетилбеген, натыйжалуулугу төмөн) алтын кени жок.
Сурамжылоо учурунда З.Б.Асанова айткан, Шайырбек Ташиев башкарып, иштетип жаткан алтын кени тууралуу маалымат такталбаган жана ушак-айыңдардын деңгээлинде экендиги аныкталган. Анткени ал бул маалыматты кимден укканын так кесе айта алган эмес.
Аталган жаранга текшерилбеген фактыларды айтуу менен, өзгөчө мамлекет башчынын алдында башка бирөөгө жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн жоопкерчиликтүү экени айтылды.
З.Б.Асанова күнөөсүн мойнуна алып, такталбаган жана жалган маалымат менен өлкө президентин адаштыргандыгын белгилеп, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатынан ага карата акаарат келтиргендиги жана атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн эл алдында кечирим сураган.
УКМК Конституцияда жана эл аралык келишимдерде кепилденген укуктарга жана эркиндиктерге ээ болгон ар бир адам, ошол эле учурда башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин басмырлаган же кемсинткен аракеттерди жасабашы керектигин эскертет.
Ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо боюнча доо арыздар коюлганда, атайылап жалган маалыматтарды тараткан экинчи тарап кылган аракеттери үчүн материалдык жана моралдык жоопкерчилик тартат.