Шашылыш билдирүү: 12-13-июнда туруксуз аба-ырайы күтүлөт

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 11-июнь күнүнүн экинчи жарымында жана 12-13-июнда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Эскертүү: Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоо сунушталат.

11 Июнь 2024 жыл 13:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча