Шашылыш билдирүү : Аба-ырайы кескин сууктап, үшүк жүрөт

26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн күн сууктайт, Нарын, Ысык-Көл облустарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.

Аба ырайы 24-майдан тарта бузулат.

«25-26-майда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт», — деп айтылат маалыматта.

Шамал да күчүндө болуп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетерин билдиришти.

«27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт», — деп айтылган билдирүүдө.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге зыян келтирет.

Синоптиктер аба ырайынын мындай болуп бузулушу автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатарын эскертишти.

22 Май 2024 жыл 15:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча