Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кызматынан кетип, президент Садыр Жапаровдун жардамчысы болуп дайындалды.
Ал эми тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Алмамбет Шыкмаматов 2023-жылдын 5-сентябрында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун жетекчиси болуп дайындалган.
Алмамбет Шыкмаматов 2021-жылы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп иштеген. Кийин бул кызматын тапшырып, ошол жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоого “Ынтымак” партиясынан талапкер болгон. 2021-жылкы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.
2015-2020-жылдары Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон. 2011-2015-жылдары юстиция министринин кызматын аркалаган.