Синоптиктер бир жумага аба-ырайы тууралуу маалымат берди

Кыргызгидромет агенттиги алдыдаг гоы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Бишкекте 19-20-февраль күндөрү кар жаайт, 21инде күн ачылса, кайра 23-февралда жаан жаайт. 24-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй жана Талас облустары

19-20-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. 21-22-февралда күн ачык турат, бирок 23-24-февралда айрым жерлерде кар жаашы болжолдонду.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Айрым жерлерде туман түшөт. 20-февралга чейин көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 21-22-февралда жаан-чачын болбойт. 23-24-февралда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

19-20-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. 21-февралда айрым жерлерде кар жаайт. 22-февралда күн ачылганы менен кайра эле 23-24-февралда айрым жерлерде кар жаашы ыктымал.

Нарын облусу

18-февралда айрым жерлерде туман түшөт. 19-20-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 21-22-февралда жаан-чачын болбойт. 23-24-февралда айрым жерлерде кар жаай турганы айтылды.

18 Февраль 2024 жыл 11:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча