Синтетикалык тор саткандарга айып салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдө синтетикалык торлорду жана балык кармоо үчүн электр шаймандарын алып кирүүгө, чыгарууга, сатууга жана пайдаланууга тыюу салынганын эскертет.

Министрликтин кызматкерлери мыйзамдын сакталышын текшерүү үчүн «Дордой» базарында жана башка соода түйүндөрүндө рейд уюштурган. Балык уулоочу шаймандарды саткан жерлерде синтетикалык торлор табылган эмес. Сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мыйзамды бузгандар жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып каралган.

Былтыр инспектор-экологдор браконьерлерден, көлдөрдөн 33 миң метрден ашык синтетикалык тор тартып алынып, 2 млн сомго жакын айып салынган.

22 Январь 2025 жыл 10:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча