Сириянын Дамаск шаарындагы ракеталык чабуулга ТИМги тынсыздануусун билдирди

Тышкы иштер министрлиги Сириянын Дамаск шаарында жайгашкан Иран Ислам Республикасынын Консулдук мекемесине жасалган ракеталык чабуулдардан улам адам курмандыктарына алып келген окуяга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.

«Кыргыз Республикасы тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чыр-чатакты чечүүгө чакырат«,- деп айтылат маалыматта.

3 Апрель 2024 жыл 10:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча