Словакиянын премьер-министри Владимир Зеленскийдин оройлугуна жооп берди

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Владимир Зеленскийдин оройлугуна жооп берип, Киевден эч нерсе күтпөй жардам берүүгө милдеттүү эместигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Зеленский Фицо Европаны америкалык газдан баш тартууга үндөөдө деп айыптаган. Ошондой эле ал Словакияны Россиянын газы үчүн жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча «шектүү схемаларга» катышкан деп айыптап, өлкөнүн коопсуздук органдарын бул маселеге көңүл бурууга чакырган.

«Зеленский мырза, сизге басым болуп жатканын түшүнөм. Сизге Батыш саясий себептер менен керектүү нерселердин баарын берип жатат. Бирок мен өз көз карашын билдире албаган, эч нерсе күтпөй жардам берүүгө милдеттүү болгон малайыңыз эмесмин», — деди Фицо кайрылуусунда.

Ал ошондой эле Брюсселдеги Евробиримдиктин саммитинде Зеленский тарабынан сынга алынганын жана андан кийин анын социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө да текебер жана агрессивдүү мамиле байкалганын белгиледи.

Фицо Украинага курал жеткирүүгө жана өлкөнүн НАТОго мүчө болуусуна каршы пикирин билдирип келет.

22-декабрда Россиянын президенти Владимир Путин Роберт Фицону Москвада кабыл алган. Фицо бул жолугушуу Зеленскийдин газ транзити боюнча билдирүүсүнө карата жооп экенин билдирген.

28 Декабрь 2024 жыл 13:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча