Сокулукта чоң атасы небересине бычак сайган

Сокулук районунда мас абалындагы чоң атасы небересине бычак сайган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

13-июнда саат 17:00 чамасында Ново-Павловка айылында 1956-жылы туулган жаран мас абалында өзүнүн 2006-жылы туулган небересине бычак сайып жиберген. Кесепетинен жигит Бишкектеги №4 ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары чоң атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.

14 Июнь 2024 жыл 15:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча