Сокулуктан Кантка чейинки айланма жол алты тилкелүү болот

«Сокулуктан Кантка чейинки айланма жол реконструкцияланып, алты тилкелүү болот»-, деп билдирди президент Садыр Жапаров 21-декабрдагы III Элдик курултайда.

Ошондой эле, ал ГЭС-5ке барчу жол төрт тилкелүү болорун, азыр эки тилкелүү, өтө тар, унаалар көп экенин баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Кант — Бишкек жолунда иштер февраль-март айларында башталып, ошондой эле 2025-жылдын күз айларына чейин бүткөрүлөт. «2026-жылы Токмок менен Кеминге чейинки жолду курабыз», — деди ал.

23 Декабрь 2024 жыл 9:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча