
Кыргызстанда өзгөрүлмө курс режими иштейт, бул сомдун наркы рыноктук факторлордун таасири астында калыптанарын билдирет. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди.
Анын айтымында, улуттук валютанынын курсуна таасир этүүчү негизги факторлор тышкы экономика менен байланыштуу. Бул экспорттук-импорттук мамилелер, акча которуулардын көлөмү, гранттардын жана насыялардын түшүүсү, соода өнөктөш өлкөлөрдүн экономикалык абалы. Ошондой эле геосаясий абал дагы маанилүү ролду ойнойт, ал капиталдын агымына жана чет элдик валютага суроо-талапка таасирин тийгизет.
Ал мындан тышкары ички факторлор дагы бар экенин белгиледи. Мисалы, каржы рыногунун катышуучуларынын ишеним деңгээли, экономикалык агенттердин күтүүлөрү, ошондой эле сезондук өзгөрүүлөр. Жылдын башында жана аягында чет элдик валютага суроо-талап салттуу түрдө өсүүдө, ал эми жаз-жай мезгилинде, тескерисинче, туристтик сезонго байланыштуу валюта сунушунун өсүшү байкалат.
«Улуттук банк тышкы финансы рынокторуна да, ички валюта рыногундагы да жагдайга кылдат байкоо салып турат. Керек болсо улуттук валютанын туруктуулугун камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөбүз. Керек болсо улуттук валютанын туруктуулугун камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөбүз. Валюта курсунун кескин өзгөрүшүн натыйжалуу тегиздөө жана сомго болгон ишенимди сактоо үчүн бизде жетиштүү ресурстар жана инструменттер бар.
Мындан тышкары, биз эл аралык каржы уюмдары менен активдүү өз ара аракеттенип жатабыз, бул биздин тышкы жана ички чакырыктарга жооп берүү жөндөмүбүздү бекемдейт», — деди Тургунбаев.