Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө алындыбы?

Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн 10-ноябрда саат 08:20да алынды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Белгилей кетсек, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районунун Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ, 9-ноябрда саат 17:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилген.

Кошумча маалымат берилет.

10 Ноябрь 2024 жыл 12:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча