Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Бүгүн, 1-декабрда Чүйдөгү Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, чектөө Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилди.

Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 10:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Чектөө оор жүк ташуучу автунаалардын бардык түрүнө саат 10:15тен тартып киргизилди.

1 Декабрь 2024 жыл 13:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча