“Социал-демократтар” партиясынын дагы бир мүчөсү кармалды

Бишкек шаардык милициясы “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени жана тергөөгө тоскоолдук кылганы үчүн кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы  маалымдагандай, ал добуш сатып алуу тууралуу иш боюнча далилдерди жашырууга аракет кылган деп шектелүүдө.

«»Социал-демократтар» партиясына карата Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өткөрүү жана ага даярдык көрүү маалында шайлоочулардын добушун сатып алуу тууралуу козголгон кылмыш иши алкагында 2025-жылдын 22-январында аталган партиядан депутаттыкка талапкер болгон Эрмек Эрматов тергөө үчүн маанилүү далилдерди партиянын төрагасынын орун басары Кадырбек Атамбаевдин жеке буйругу менен жок кылууга аракет кылганы аныкталды», — деп жазылды маалыматта.

Милиция Эрмек Эрматов Кадырбек Атамбаевдин айдоочусу экенин, токтомдун негизинде тинтүүгө алуу үчүн анын айдап бараткан машинасын токтотконда «талаптарга баш ийбей, унаага бекинип, ичиндеги электрондук каражаттарды жок кылууга аракет кылганын» билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кызматкерлер машинаны күч менен ачууга аракет кылганда Эрматов алардын автоунаасына зыян келтирип, качып кеткен, бирок акыры колго түшүрүлгөн. Машинасынын ичинен документтер, электрондук каражаттар, уюлдук телефон, флеш карталар, ноутбуктар, жаздыруучу жана бир катар башка каражаттар алынган.

Шектүү “Майда ээнбаштык” жана “Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө” беренелеринин негизинде Октябрь райондук милициясына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болду.

24 Январь 2025 жыл 10:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча