Социалдык коргоо министри алмашты

Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова Гүлнара Маришовна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Азырынча кайсы кызматка өткөнү айтыла элек.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Полотова Жылдыз Арстанбековна Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

7 Июнь 2024 жыл 22:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча