Өспүрүмдү сабоого шектүүлөр кармалды

Аксыда сабап, тоноого шектелген 3 өспүрүм кармалды. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-январда милицияга Аксы районунун тургуну С.К аттуу аял арыз менен кайрылып, анда 8-январь күнү Кербен шаарында “Нурсултан” аттуу бала жана башка топ балдар анын 2008-жылы туулган Б.М. аттуу баласын эч себепсиз уруп, денесине жаракат келтиргендигин айткан.

Арыз боюнча 11-январда кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 12-январь күнү Кербен шаарынын 2006-жылы туулган Ш.М., 2008-жылы туулган Т.А. жана 2007-жылы туулган Н.Ө. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

16 Январь 2025 жыл 10:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча