Акча опузалоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Милицияга А.А. аттуу кыз кайрылып, жаңы эле таанышкан жигит анын жылаңач сүрөттөрүн жарыялайм деп коркутуп, 20 миң сом талап кылганын айткан.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен катталды. Октябрь РИИБдин ыкчам тобу тарабынан 2001-жылы туулган А.М. шектелип кармалып, убактылуу камакка алынды.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүү Бишкек шаарында эркектердин чачтарачы болуп эмгектенип жүргөн.