Студенттер арасында калайман мушташ чыкты

Бишкектеги Ата-Түрк паркында 11-март күнү саат 15:30 чамасындагы калайман мушташ тууралуу видеолор соцтармактарга тараган.

Видеодо 18-20 жаштардагы 20дан ашуун бала мушташып жатканы тартылган. РИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, милиция кызматкерлери тарабынан мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, кармалды. Алардын баары Октябрь райондук милициясынын Тергөө кызматына жеткирилген, учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатканы кабарланды. Бирок канча адам кармалганы ачыкталган жок.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) бул маалымат бирдиктуү реестрге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын кабарлады.

Маалыматка караганда калайман мушташ Бишкектеги Н. Исанов атындагы Кыргыз инженер курулуш институтунун студенттеринин ортосунда чыккан.

12 Март 2025 жыл 6:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча