Сулайман-Тоодон кулаган 28 жаштагы кыз каза болду

Ошто 18-январда Сулайман-Тоодон кулаган 28 жаштагы кыз 13-февралда ооруканада каза болду. Бул тууралуу  Ош ШИИБден тастыкташты.

«18-январь күнү 14:00-15:00 чамасында Ош шаардык Тез жардам кызматына кабар түшкөн. Анда Сулайман-Тоодо эс учун жоготкон абалда жаткан кыз тууралуу айтылган. Жерине барган милиция 1996-жылы туулган Ош шаарынын тургунунун эс-учу жок жатканын аныкташкан. Тез жардам кызматы жандандыруу бөлүмүнө жаткырган. 13-февралда анын жараты оор болгондуктан, кыз каза болду. Тергөө тобу иш-чара жүргүзүп жатат. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кыз кокустан Сулайман-Тоонун күн чыгыш тарабында тайгаланып жыгылган. Анткени окуя болгон жердин айланасында коюлган камералар анын тоого жалгыз бара жатканын көрүүгө болот. Кокустук катары катталган»,- дешти.

16 Февраль 2024 жыл 16:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча