Сулуулук салонунда сабалган аял тууралуу милиция үн катты

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы көчөдө аял кишини сабаган эркектин видеосу боюнча маалымат берди. Окуя Ош шаарындагы «Арча» сулуулук салонунун алдында болгондугу такталды.

Милиция ур-токмокко байланыштуу арыз түшпөгөнүн, жарыяланган видеонун негизинде факты «үй бүлөлүк зомбулук» катары катталып,  тергөө иштерин Ош ШИИБнын жетекчилиги көзөмөлгө алганын билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында окуяга тиешеси бар адамдардын өздүктөрү аныкталды.

12-майда саат 16:00 чамаларында ыкчам кызматкерлер тарабынан аялына карата зомбулук көрсөтүп жаткан 2001-жылы туулган эркек киши кармалды. Окуя боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.

13 Май 2024 жыл 9:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча