
Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында 2024-жылдын 12 айында жалпысынан үй-бүлө жаатында 73 кылмыш иши козголуп, 42 иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Ошондой эле 14 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган, 10 кылмыш иши өндүрүштөн токтотулган, ал эми 7 иш боюнча учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук прокуратурасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, .А.А. аттуу жаран У.А.Р. аттуу жаран менен үй бүлө куруп, У.А.Р. алсыздыгынан пайдаланып, ага карата физикалык күч колдонуу менен системалык түрдө ур-токмокк алып, ден соолугуна жаракат келтирип жүргөн.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен мыйзамда белгиленген жазасын алуу үчүн соттук кароого жиберилген.
Белгилеп кетчү жагдай, Свердлов районунун прокуратурасы үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууда бир топ иштерди алып барууда.
2024-жылы райондук прокуратура тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук боюнча бир нече жолу текшерүү жүргүзүлүп, үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо жана алардын алдын алуу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга 6 прокурордук чара көрүү актылары киргизилип, мыйзам буузуларга жол берген кызматкерлерге тийиштүү тартиптик чаралар колдонулган.
Свердлов районунун прокуратурасы коомдун өзөгү болгон үй бүлөгө жана аялдарга каршы жасалган укук бузуулар, кылмыштар тууралуу, өз учурунда ички иштер органдарынын 102 кызматына билдирип туруусун эскертет.