Свердлов РИИБнын башчысы болуп, мурда кылмыш иши козголгон Уланбек Аалиев дайындалганы айтылды

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп Уланбек Аалиев дайындалганын Sputnik Кыргызстан агенттиги укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Тиешелүү буйрукка бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков кол койгон.

Эске салсак, Уланбек Аалиев 2021-жылы ишкер айымдан пара талап кылууга айыпталган. Аскер прокуратурасы тарабынан кармалып, «Кыйноо», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Опузалап пара талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айып салган. Кийин Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун чечими менен Аалиев реабилитациялоо укугу менен акталган.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитов борбор калаадагы 13-майда жана 18-майга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу кечээ иштен алынган.

28 Май 2024 жыл 16:58

Тема боюнча