Сыдыгалиев: «Министрлер кабинетинин төрагалыгына депутаттардан эч ким барбайбы?»

Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында мыйзам долбоорду көргөн депутат Нурбек Сыдыгалиев «Министрлер кабинетинин төрагалыгына депутаттардан эч ким барбайбы?» деген суроо салды.

  • Комитет биринчи окууда Министрлер кабинетинин төрагасын жана мүчөлөрүн дайындоодо эмгек стажы боюнча талаптарды койбоону сунуштаган мыйзам долбоорун карады.

«Бул чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандары ишмердүүлүгүн жакшы жүргүзүп, акылдуу… Бизде да Илон Маскка окшогон балдар бар ошолордун алкагында жазылган. Жогорку Кеңеште атайын бирөө үчүн кылынган нерсе жок. Андай эмес»,- деди мыйзам долбоорунун демилгечиси Марлен Маматалиев. 

“Чет өлкөдөн окуп келгендер акылдуу болуп, Кыргызстандан окугандар акылсыз болуп калабы? Кызматта иштебесе, кантип жетекчи болуп иштейт? Ошол тармакта иштебей туруп, кантип жетекчи болот?»,- деди Сыдыгалиев. 

18 Март 2025 жыл 13:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча