Сыртын үлпөт салону кылып алып, ичинде чет элдиктер үчүн сойкукана уюштурган жарандар кармалды

Интимдик кызмат көрсөтүү тармагына адистешкен уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК чет элдик жарандарга гана интимдик кызмат көрсөтүүгө адистешкен уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. Козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын натыйжасында бул топ мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында расмий түрдө үйлөнүү үлпөт салонун уюштуруп, ал жерде чындыгында чет өлкөлүк жарандардын бош убактысын өткөрүү үчүн жашыруун жай, ошондой эле интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү уюштурулганы аныкталды. 

Ошондой эле жаш кыздарды официант катары ишке алуу механизми түзүлүп, анын жүрүшүндө уюштуруучулар аларды ар кандай шылтоолор, анын ичинде коркутуу, шантаж жана каржылык көз карандылык аркылуу сойкулукка тартууга активдүү аракет кылышкан.

Бул жай тар чөйрө үчүн уюштурулуп, чет элдик жарандар гана бара ала тургандыгы өзүнө өзгөчө көңүл бурдурат (балким жашыруун тасма тартылып, алынган айыптоочу далилдер бул боюнча укук коргоо органдарына кайрыла албай турган чет элдиктерди шантаж кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн).

Топтолгон материалдардын негизинде 10-ноябрда керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, аларды ишке ашыруу учурунда ал жерде 30дан ашык кыз жана 16 чет элдик жаран болгон. Бул иштерге жашы жете элек кыздардын тартылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин (сойкулук кылууга тартуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында бул жайдын уюштуруучулары кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

14 Ноябрь 2023 жыл 8:49

Тема боюнча